Акчалайдан кантип тез насыя алса болот 3 кадам менен жөнөкөй көрсөтмөлөр
Акчалайдан кантип тез насыя алса болот 3 кадам менен жөнөкөй көрсөтмөлөр
25.11.2024
Акчалайдан кантип тез насыя алса болот: 3 кадам менен жөнөкөй көрсөтмөлөр
Акчалайда насыя алуу оңой жана тез – болгону үч негизги кадамдан өтүү жетиштүү. Бардык процесс 15 мүнөткө созулат жана акча дароо картаңызга түшөт.
1: Тиркемени орнотуңуз жана каттоо эсебин түзүңүз
Google Play'ден “Акчалай” тиркемесин жүктөп алып, смартфонуңузга орнотуңуз. Каттоо эсебиңизди коргоо үчүн телефон номериңиз менен катталып, сырсөз түзүп, ПИН-код коюңуз. Ыңгайлуулук үчүн манжа изи менен кирүүнү иштетсеңиз болот.
Кеңеш: Ишенимдүү сырсөз түзүп жана аны эстеп калыңыз. Эгер сырсөзүңүздү жоготуп алсаңыз, аны түздөн-түз тиркемеден калыбына келтирсеңиз болот.
2: Сумманы тандап жана анкетаны толтуруңуз
Насыянын суммасын жана төлөө мөөнөтүн тандаңыз.
Көбүрөөк сумма керекпи?
“Тундук” аркылуу кирип, 100 000 сомго чейин алыңыз, насыяга макулдук алуу мүмкүнчүлүгүн арттырыңыз. Бул жөнөкөй жана коопсуз: электрондук кол тамганы колдонуу менен өзүңүздүн инсандыгыңызды ырастаңыз жана кошумча сертификаттарсыз жогорулатылган чектерге жетиңиз.
Кыска анкетаны толтуруп, паспорттун сүрөттөрүн жана селфи жүктөңүз. Эгер сүрөттөр так жана жакшы жарыктандырылса, буга болгону эки мүнөт кетет.
Кеңеш: Жөнөтүүдөн мурун сүрөттөрдүн өзүн жана сапатын текшериңиз - бул өтүнмөнү карап чыгуу процессин тездетет.
3: Келишимге кол коюуңуз жана акча алыңыз
Өтүнмө боюнча чечим, адатта, бир нече мүнөттүн ичинде кабыл алынат. Сиз көп күтпөстөн дароо пландарыңызды ишке ашыра баштасаңыз болот. Электрондук санариптик кол тамганы (ЭСС) колдонуу менен келишимге кол коюңуз жана төлөм графигин ырастаңыз - бардыгы кеңсеге барбастан, тиркемеде түз эле жасалат. Бул ыңгайлуу, тез жана толугу менен онлайн жүргүзүлөт.
Кеңеш: Бардык маалыматтарды кылдат текшерип, шарттар сизге ылайыктуу экенине ынаныңыз
Акча каражаттарын алуунун ыңгайлуу жолун тандаңыз: МБанк, Оптима же Элкарт картасына.
Акча ошол замат, каалаган убакта түшөт - 24/7.
Биз популярдуу банктар менен иштейбиз жана сизде көбүрөөк тандоо юолушу үчүн жаңы өнөктөштөрдү кошобуз.
Кредитти кантип төлөө керек
Сизге ыңгайлуу болушу үчүн биз бир нече төлөм варианттарын сунуштайбыз:
• ELQR – 0% комиссия. QR-коддорунун жардамы аркылуу насыяңызды тез арада төлөңүз.
Жөн гана кодду сканерлеңиз, ошондо бардык маалыматтар автоматтык түрдө тиркемеге жүктөлөт. Операцияны ырастоо гана калат - жана төлөм жүргүзүлөт. Бул сиздин убакытты үнөмдөөчү ишенимдүү жана коопсуз төлөм ыкмасы.
• Өнөктөштөрдүн уюлдук тиркемелери (МБанк, Оптима) - комиссия 0%. Өнөктөш-банк аркылуу насыяңызды оңой төлөңүз.
Биздин тиркемеден банкты тандаңыз жана сизди автоматтык түрдө банктын уюлдук тиркемесине багытташат. Кирип, төлөмүңүздү онлайн режиминде бүтүрүңүз - керексиз кадамдарсыз жана кечигүүсүз.
• O!Деньги терминалдары – комиссия 2,5%. Менюдан биздин кызматты тандап, насыяңызды жакынкы терминалдан төлөңүз.
Насыяңыздарды каалаган убакта, каалаган жерден төлөй алышыңыздар үчүн, биз төлөм ыкмаларынын тизмесин кеңейтип жатабыз.
Кардарларды колдоо
Биз сиздин сурооңузду тез арада чечүү канчалык маанилүү экенин түшүнөбүз, андыктан биздин колдоо - роботтор жана боттор эмес, суроо-талаптын жеке өзгөчөлүктөрүн эске алып, сизге туура келген чечимди сунуштай турган чыныгы адистер.
Биз ыңгайлуу мессенджерлерде жооп беребиз жана көп күттүрбөстөн жана автожооп берүүчүсүз, көйгөйүңүздү дароо чече баштайбыз. Биздин артыкчылыктар:
• Биринчи кайрылууда эле маселени чечүү.
• Тез жана так жооп берүү менен убактыңызды үнөмдөө.
• Чечүү процессинен кабардар кылуу жана кайра байлаанышка чыгуу.
Биз ар дайым кызматыбызды жакшыртууга аракет кылабыз, андыктан ар бир кайрылуудан кийин пикириңизди жана баалооңузду баалайбыз. Сиздин пикириңиз бизге жакшыраак болууга жардам берет.